Кытайдагы спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макештин билдирүүсүндө, бүгүн жаштар арасында дүйнө чемпиону жана Азия чемпиону, кыргызстандык 55 кг. салмактагы Калыбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча үч атаандашын жеңип финалга чыкты. Ал түштөн кийин алтын медаль үчүн жапон балбаны менен беттешет. Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча үч кыргыз балбаны таймашка чыгып, Калыбек Жолчубековдон башка эки спортчу жеңилип калды.
Кечээ велоспорт жарышында кыргызстандык спортчу Евгений Ваккер күмүш медалга жетип, кыргызстандык спортчулар үчүн байге эсеби ачылган. (AzK)
Кечээ велоспорт жарышында кыргызстандык спортчу Евгений Ваккер күмүш медалга жетип, кыргызстандык спортчулар үчүн байге эсеби ачылган. (AzK)