Алдыдагы күндөрдө АКШ менен Түштүк Корея Сары деңизде өткөргөнү жаткан аскер-деңиз көнүкмөлөрүн Түндүк Кореянын бийликтери "кезектеги тукурук" катары баалады. Пхеняндын мамлекеттик маалымат агенттиги таркаткан билдирүүдө аскерий бул машыкмалар Корей жарым аралын "согуш кырына" койо турганы айтылат. Буга Кытай да камтамачылык билдирген эле. Шейшемби күнү Түндүк Корея түштүктөгү коңшусуна караган аралдардын бирин артиллериядан аткылап, төрт киши набыт болгон. Аралда бүгүн да артиллериянын шоорат-шобурту жаңырды. Иштин жагдайы териштирилип жатат.