Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Азия оюндарында Кыргызстан 25-орунда


Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорт боюнча бөлүм башчысы Канат Арпачиевдин “Азаттыкка”билдиришинче, Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөн Азия оюндарында Кыргызстан 45 мамлекеттин ичинен 25-орунду ээледи. “Биз спорттун беш түрүнө өзгөчө басым жасаганбыз. Алардын ичинен грек-рим күрөшү боюнча алдыга коюлган максаттар жүз пайызга аткарылды. Бирок жалпы жыйынтык боюнча биз жакшы базанын жоктугунан, акча тыйындын тартыштыгынан уттуруп койдук. Ушул жагынан мамлекеттик колдоо болсо, биздин балдар жакшы деңгээлге чыкмак”, - деди Канат Арпачиев.

12-ноябрдан бери Кытайдын Гуанжоу шаарында өтүп жаткан XVI Азия оюндарына Кыргызстандан спорттун 24 түрү боюнча 145 спортчу катышты. Бул оюндарда Кыргызстан бир алтын, эки күмүш, эки коло медалга ээ болду. Кыргыз спортчулары эртең мекенине кайтып келишет. (AzK)

XS
SM
MD
LG