Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Апрель окуясы боюнча изделгендердин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү


Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү бүгүн түштөн кийинкиге жылды. “Мекен шейиттери” уюмунун лидери Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” сот процесси айыпталуучулардын бир адвокаты келбей калганын байланыштуу жылды деп маалымдады. Анын айтымында, сотко төрагалык кылган судья издөөдө жүргөн экс-президент Курманбек Бакиев башында турган алты аткаминердин иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн, калгандарынын иши боюнча сот улана бере турганын билдирди. Апрель окуясы боюнча куралсыз элге ок аткан жана ок атууга буйрук берген деген айып азыр 28 адамга тагылууда. Бул окуя боюнча сот процесси Бишкектеги Спорт сарайында 17-ноябрдан бери уланып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG