Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Нарында ВИЧ/СПИД менен катталгандардын саны дагы бирге көбөйдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук СПИД борборунун башкы дарыгери Үмүткан Чокморованын билдирди. Дарыгердин маалыматы боюнча, бул илдет менен расмий катталган 12 адамдын бирөө медицина кызматкери. Илдетке чалдыккандардын көбү ооруну ийне аркылуу жуктурган. Үмүткан Чокморованын айтымында, облустук ички иштер башкармалыгы баңги зат колдонгондор аймакта жок болгонун ырастап келет. “Бирок бул дартты алып жүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн баңгилер түзөт” деп кошумчалады Ү. Чокморова. (JI)

XS
SM
MD
LG