Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Венада МАГАТЭнин жыйыны башталды


Ирандын талаштуу өзөктүк программасы кеңешменин күн тартибиндеги башкы маселе болот деп күтүлгөн. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин башкаруучулар кеңеши Иран менен алтылыктын сүйлөшүүсү алдында жыйналып олтурат. АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия, Германия жана Ирандын сүйлөшүүлөрү Женевада 6-7-декабрга белгиленген. Сегиз жылдан бери иликтөө жүргүзүп келе жатканы менен МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы Тегеран ырастагандай, толугу менен тынчтык максатты көздөөрүн же Батыш өлкөлөрү эсептегендей ага жамынып алып, өзөктүк бомба жасоону максат кыларын али так айта албай жатат.

XS
SM
MD
LG