Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

АКШ Мамлекеттик катчысы Өзбекстанда адам укуктарын жакшыртуу маселесин көтөрдү


Хиллари Клинтондун бүгүн Ташкенттен билдиргенине караганда, ал өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугушуусунда аны “адам укуктары жана фундаменталдык эркиндиктер чындап корголоруна берилгендигин бир катар кадамдар аркылуу көргөзүүгө” үндөгөн.

Ал бул тууралуу Ташкентте диний лидерлер, журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты. Клинтон кошумчалагандай, анын Өзбекстандагы сапары ага адам укуктары маселесин көтөрүүгө жана Ооганстан боюнча коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө мүмкүндүк берди. АКШ Мамлекеттик катчысы Ташкенге Бишкектен барды.

Бүгүн ал Бишкекте коомдук теле радионун имаратында студенттер, жарандык коомдун активисттери менен жолукту. Ага чейин президент Роза Отунбаева менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан кийинки маалымат жыйында Кыргызстандын парламенттик демократия куруу аракетине жогору баа берди:

-Көптөр айтат, парламенттик демократия, чыныгы парламенттик демократия Борбор Азияда же дүйнөнүн башка көп жерлеринде иштей албайт деп. Бирок биз буга макул эмеспиз. Биздин пикирибизде, Кыргызстан ал иштей аларын далилдеди.

АКШ Мамлекеттик катчысы маалымат жыйыны учурунда Кыргызстанга Ооганстандагы аскерий операцияларга тартылган жоокерлерди жана аларга керектүү жүктү ташууда маанилүү роль ойнгон аба базасына жай берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Клинтондун айтымында, АКШ Манастагы аба базаны май менен камсыздоону караган контрактарды алуучу компания түзүүдө Кыргызстанга жардам берүүгө дилгир.

Учурдагы бийлик Манастагы аба базаны май менен камсыздап келген команиялар мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышта болгон деп шек саноодо. Президент Роза Отунбаеванын айтымында, Башкы прокуратура азыр бул иш боюнча тергөөнү уланып жатат.

Отунбаева белгилегендей, база маселеси АКШ Мамкатчысы менен азыркы сүйлөшүүлөрдө тикелей талкууланган жок. Бул - жаңы өкмөттүн ыйгарым укугундагы иш.

XS
SM
MD
LG