Аскердик сот К. Бакиев баштаган мурдагы алты аткаминердин ишин бөлүп кароо чечимин четке какты. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 15-декабрда Аскер сотунда судья Жакыпбек Байтемировдун апрель окуясы боюнча айрым айыпталуучулардын ишин бөлүп кароо чечими четке кагылып, Башкы прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылды. Ага ылайык айыпталып жаткан Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов, Марат Бакиев, Мурат Суталинов, Жаныш Бакиев жана Эсен Байыш улуунун иштери апрель окуясы боюнча башка иштер менен чогуу карала турган болду.
Апрель окуясы боюнча 29-ноябрда уланган соттук иште аталган аткаминерлердин жактоочулары жактап жаткан адамдары айыпталуучу деп аталбай тургандыгын, себеби алар сот иши менен тааныш болбогондугун айтышкан. Мындан улам алардын иштерин бөлүп кароо өтүнүчүн сотко жолдошкон. Судья Жакыпбек Бектемиров эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев башында турган алты аткаминердин иши өзүнчө бөлүнүп, кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Жабырлануучу тарап жана алардын жактоочулары буга нааразы болуп, сотко ишенбестик көрсөтүшкөн эле. (KKs)