Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

“Андаш” кенин өздөштүрүү мөөнөтү дагы бир жылга узартылды


Жаратылыш ресурстары министрлигинин жер алдындагы кенди пайдаланууну лицензиялоо боюнча комиссиясы “Андаш” кенинде (Талас облусу, Талас району) алтын өндүрүүчү ишкананын курулушун аяктоо мөөнөтүн 2012-жылдын июнь айына жылдырды. Бул тууралуу “Андаш Майнинг Компани” компаниясынын маалымат кызматы билдирет.
2010-жылы болуп өткөн туруксуз саясий кырдаалдын айынан долбоордоштурулган иштер аткарылбай калып, мөөнөттөрдү кайра карап чыгууга туура келген.

“Андаш Майнинг Компани” ишканасынын башкы директорунун милдетин аткаруучусу Фред Хьюстондун айтымында, компания ишке даяр болчу, бирок жергиликтүү калктын каршылыгынын улам пландар быйыл ишке ашпай калды.

Хьюстон мырзанын ишениминде, бул маселени чечүү үчүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшчү жумушчу комиссия түзүү зарыл.
“Маселе бир гана “Андашка” таандык эмес. Мындай кыйынчылыктарга Нарындагы Жетим-Тоо кенин, Таластагы Талды-Булак кенин (Арал айылы) иштетмекчи болгон компаниялар да кабыл болушкан. Ошондуктан жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, бийликтердин чечимдерин айылдык, райондук, облустук деңгээлде макулдаштыруу керек”,- дейт ал.

“Андаш” алтын, жез кени Талас облусунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. 1962-жылы ачылып, совет доорунда рентабелсиз (өзүн-өзү актабайт) деп эсептелген. Запасы боюнча орто кендердин катарына кирет (20 тонна алтын, 70 000 тонна жез). Кенде үч жолу инвесторлор алмашкан. 2009-жылдан баштап "Андаш Майнинг Компани" ишканасында 80 пайыз үлүшү бар негизги инвестор катары австралиялык "Кентор Голд" компаниясы эсептелет. (IJz)

XS
SM
MD
LG