Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Украина: Юлия Тимошенкого айып коюлду


Башкы прокуратуранын алдына Юлия Тимошенконун колдоочулары чогулду, Киев, 20-декабрь, 2010-жыл
Башкы прокуратуранын алдына Юлия Тимошенконун колдоочулары чогулду, Киев, 20-декабрь, 2010-жыл

Украинанын Башкы прокуратурасы мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкого "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып такты.

Оппозициянын лидери Тимошенко мунун артында саясат турарын айтып, күнөөнү четке какты. Тергөө аяктамайынча ал Киевден чыкпоо көрсөтмөсүн алды. Прокуратуранын алдына Тимошенконун колдоочулары чогулуп, нааразылыгын билдиришти.

Тимошенко 2007-2010-жылдары өкмөттү жетектеп турган кезде газ эмиссиясынын квотасын сатуудан түшкөн акчанын бир бөлүгүн пенсияларды төлөөгө жумшаган деп айыпталууда. Киото протоколуна ылайык, ал каражат айлана чөйрөнү коргоого багытталууга тийиш эле. Жаңы өкмөт өткөргөн аудиттик текшерүү Тимошенко акчаны максатсыз пайдаланган деген бүтүмгө келген.

Виктор Янукович
Быйыл февралда Юлия Тимошенко президенттик шайлоодо Виктор Януковичке утулуп калган. Экс-премьер айыптоо корутундусун алгандан кийин президент негизги саясий атаандашын жок кылууну көздөп жатат деп эсептерин айтты: “Виктор Януковичтин өзүнө кайрылгым келет. Мен, мага колдоосун билдирип бул жерге чогулган адамдар, миллиондогон украиналыктар эч нерседен коркушпайт. Тескерисинче, сиз коркуп атасыз. Ошон үчүн адамдарды уруп-сабап, кемсинтип, өлтүрүп, түрмөлөргө салып жатасыз. Бирок мунун бардыгы сизди куткарып калбайт".

Анын айтымында, пенсияларга кеткен акча бирдиктүү эсептен алынган, ал эсепте Киото протоколунун алкагында түшкөн 320 миллиондой евро да сакталып келген. “Элге пенсияларын төлөп бергем, бирок бул - Украинанын мыйзамдарына ылайык кылмыш болуп эсептелбейт”, - деди Тимошенко.

Премьерге чейин анын кабинетине кирген мурдагы аткаминерлердин бир нечесине каршы кылмыш иштери козголгон. Айлана чөйрөнү коргоо мекемесинин мурдагы жетекчиси Георгий Филипчук, мурдагы ички иштер министри Юрий Луценко ошол эле газ эмиссияларынын квотасын сатуудан түшкөн каражатка байланыштуу айыпталууда. Мурдагы экономика министри Богдан Данилишин мамлекеттик казынадан 2 миллиондой долларды максатсыз колдонгон деген кине менен камакка алынды.

Украин парламентиндеги мушташ, 16-декабрь, 2010-жыл
Саясий аналитик Юрий Якименко муну менен Янукович элди экономикалык проблемалардан алагды кылууну көздөп жатат деп эсептейт: “Өкмөт пенсиялык реформа, эмгек кодекси чөйрөсүндө өтө катаң, популярдуу эмес чечим кабыл алуунун алдында турат. Ошол эле мезгилде бийлик элдин колдоосунан ажырап, нааразы болгондор көбөйүүдө. Бүгүнкү кыйынчылыктар үчүн мурдагы саясий команда, анын жетекчилери күнөөлүү деп элдин назарын аларга буруу зарылчылыгы пайда болду”.

Дагы бир аналитик Михайло Погребинский мурдагы бийлик өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштеринин артында саясат жок деп элди ишендирүү кыйын болот деген ойдо: “оппозициянын лидери акыркы кезде калың катмар элдин колдоосунан ажыраганы менен, азыркы өкмөт аны дискредитациялоого аракеттенүүдө. Бул иштин артында саясий жүйөө жок деп бардык эле украиналыктар оңой ишене калышпайт. Бардыгы аларды шарттуу түрдө жазалоо менен аяктайт болушу керек”.

"Тимошенко түрмөгө кесилсе, ага жан тарткандар көбөйөт, саясий сахнага каарман болуп кайтып келишине өбөлгө түзүлөт",-деп кошумчалайт аналитик.

Тимошенконун тарапкерлери митинг өткөрүштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

XS
SM
MD
LG