Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

З. Тиленов: чек арага Ооганстан тараптан коркунуч бар


Улуттук коопсуздук комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов чек ара маселелери боюнча “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Жаңы жылдан тарта чек арачылардын саны 500гө көбөйгөнү жатат. Буга эмне себеп болду?

З. Тиленов: Бүгүнкү күндө мамлекеттин коопсуздугун сактоо үчүн, мамлекеттин чек арасы бек болушу үчүн президент ушундай чечим кабыл алды. Буга чейинки окуялар, азыркы окуялар ушундай чечим керек экенин көрсөтүп жатат. Бул эмнени айтып жатат? Бул биздин президентибиз, биздин өкмөтүбүз мамлекеттик чек арадагы эмнебиз жетишпей жатканын билип, ушундай чечим кбыл алышты.

"Азаттык": Буга чейин бир чакырым жерге бирден чек арачы туура келчү экен. Эми чек арачылар беш жүзгө көбөйгөндө алар чек арада коопсуздукту сактоо туруштук бере алышабы? Бул аз эмеспи?

З. Тиленов: 2004-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген мамлекеттик программа бар. Ошол мамлекеттик программада Кыргыз Республикасынын чек ара аскерлери үчүн инфраструктураларды куруу боюнча каралган. Ошол программа боюнча биз кыргыз-казак, кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларына жаңы постторду, жаңы заставаларды ачышыбыз керек. Ошол программанын негизинде чек арачыларды 500гө көбөйтүү чечими чыкты. Чек арачылар көбөйгөндөн кийин керектүү жерлерге жаңы постторду ачып, бүгүнкү күндө иштеп жаткан заставаларды күчөткөнгө аракет кылабыз.

“Азаттык”: Канча жаңы кошумча чек ара бекеттери коюлат?

З. Тиленов: Мен сизге бул маалыматты азыр айтып бере албайм. Биз чек арачыларды көбөйтүү чечими чыккандан кийин өзүбүздүн шартыбызды карайбыз, бекеттерди ачуунун өзүнүн тартиби бар, заставаларды ачуу үчүн каражат керек. Ошон үчүн биз эл аралык уюмдар менен иштеп алардын да жардамын алганга аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: Чек арага терроризм-экстермизм коркунучу кайсы тараптан келип жатат. Өзбекстанданбы, же Тажикстанданбы?

З. Тиленов: Сиздер деле маалыматтарды угуп-билип турасыңар. Эң коркунучтуу Ооганстан болуп жатат. 1999-жылы бизден сурабастан эле эл аралык кылмышкерлер, террористтер, маңзаттарды ташыган адамдар чек арабызды бузуп эле келген. Ошон үчүн биз алардын каттамдарын, жолдорун билебиз. Ошол жактарды кайтарууну күчөтөбүз.

“Азаттык”: Чек ара кызматы жакында эле Коопсуздук комитетине кошулду эле. Бул биригүүдөн кийин ишиңиздерде олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатабы?

З. Тиленов: Бүгүнкү күндө биздин кылган ишибизди силер өзүңөр деле байкап атасыңар да. Чек араны бек кармап жатабыз. Бардык келген маалыматты анализдеп өзүбүздүн ишибизди жүргүзүп жатабыз.

“Азаттык”: Чек аралардагы коопсуздукту камсыздоодо каражат жагы кандай чечилип жатат?

З. Тиленов: Биздин чек ара аскердиктин өзүнүн республикалык бюджети бар. Анда керектүү статьяларды көрсөткөнбүз. Канча каражат керектиги боюнча сунуш жөнөткөнбүз. Эл аралык уюмдар бизге техника жактан, биздин кызматкерлерди окутуп жардам көрсөтүп жатышат.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG