Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Сокулукта АКШ жаранын тоноо боюнча кылмыш иши козголду


ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 24-декабрда кечки саат сегиздер чамасында Сокулук айылында үй-бүлөсү менен убактылуу жашап жаткан 42 жаштагы АКШ жаранынын үйүнө бет кап кийген белгисиз беш адам кирип келген. Алар Калашников автоматы менен үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп, үч ноутбук, бир компьютер, видеокамера, фотоаппарат, 1500 АКШ доллары, 90 миң сомду алышып, “Лэнд Ровер Дискавери” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кетишкен. Бул факт боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, оперативдүү иликтөө тобу түзүлдү.

Кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында белгисиз бирөөлөр “Лэнд Ровер Дискавери” үлгүсүндөгү автоунааны таштап кеткен. Анын ичинен химиялык каражаттар менен толтурулган жана кесилген майда арматуралар салынган газ балон чыккан. Колго жасалган бул жарылуучу заттын күчү тротил жарылуусунун күчүнө салыштырмалуу 7-10 килограммды түзөөрү айтылган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG