Москвадагы Домодедово аэропорту аба ырайына байланыштуу жабылды. Катуу шамал менен нөшөрлөгөн жаандан улам электр зымдары үзүлүп, аэропорт электр энергиясыз калды. 16 миңдей жүргүнчү эки жакка уча албай турат. Москва, Смоленск, Твер облустарнын бир катар шаарлары да жарыксыз калышты. Айрым жерлерде поезддер да үзүл-кесил жүрүүдө.