Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Кремль Ходорковскийдин өкүмүнө батыштын айткандарына нааразы


Орусиянын тышкы иштер мекемеси расмий Вашингтон менен Евробиримдиктин М.Ходорковскийге карата өкүмдү сындаган билдирүүлөрү орусиялык сотко болгон басым деп жарыялады. Ошондой эле бир катар батыш өлкөлөрүнүн орусиялык сот М.Ходорковскийге карата мыйзамдан аша чаап жатат дегени негизсиз деп айтылат ТИМи тараткан билдирүүдө.

Бул жумада Москванын Хамовнич соту «ЮКОС боюнча экинчи» иштин өкүмүн угуза баштады. Сот М.Ходорковский менен МЕНАТЕП ишканасынын мурдагы жетекчиси П.Лебедевге өтө чоң көлөмдө мунай уурдаган деген кине коюуда. Мамлекеттик айыптоо алардын ар бирин 16 жылдан эркинен ажыратууну суранды.

XS
SM
MD
LG