Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

УКМК мурунку депутат Алишер Сабировду суракка алды


Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” мурунку депутат Алишер Сабировду кечээ кыргыз-казак чек арасынан өтүп бараткан жеринен Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап, Бишкекке алып келген соң кайра коё беришкенин билдирди. Анын айтымында, атайын кызматтын өкүлдөрү экс-депутатты кайсы бир кылмыш иши боюнча күбө катары суракка алган. Т. Исмаилова соңку учурда жарандарды аэропортто, чек арада тартип коргоо органдары мыйзамсыз кармаган учурлары көбөйүп жатканына тынчсыздануу билдирди. УКМК азырынча бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG