Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

А. Атамбаев аймактардын абалы тууралуу маалымат алды


Бүгүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев облус губернаторлору жана Ош менен Бишкек шаарларынын мэрлери менен жолугушту. Анда облус жана шаар жетекчилеринен аймактардагы экономикалык-социалдык абалы тууралуу кеңири маалымат алды. Өкмөт башчы алардын негизги максаты туруктуулукту камсыздоо, тартипти сактоо экенин айтты. “Силердин ишиңерди дал ушул көрсөткүчтөр аркылуу баалайбыз, аймактагы элдин маанайы, инвестиция тартуу, экономикалык өнүгүү жана эл турмушун жакшыртуу маселелери дал ушул милдеттерди аткаруудан көз каранды”, - деди А. Атамбаев. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG