Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:30

Сингапур - Кыргызстан ортосунда визасыз карым-катнаш жүрмөкчү


Сингапур өлкөсү дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар кыргызстандыктар үчүн 30 күн бою Сингапурда визасыз жүрүү эрежесин киргизген соң Кыргызстандын өкмөтү атайын токтом кабыл алып, 2010-жылдын 25-декабрынан тарта дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар Сингапурдун жарандарына 30 күн бою Кыргызстанда визасыз жүрүү эрежесин киргизди. Маалыматка ылайык, эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сингапурдун Тышкы иштер министрлигин бул эреже туурасында кабардар кылуусу керек. Аталган токтом ырасмий жарыяланган соң күчүнө кирмекчи. Токтомго премьер-министр Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG