Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Абитуриенттерди кабыл алуудагы паракорлукка көңүл бурулууда


Билим берүү жана илим министрлиги жыл жаңырышы менен абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу өнөктүгүнө байланышкан маселелерди талкуулай баштады. Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, бул жылы окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууга даярдык жылдагыдан эрте башталып, аларды кабыл алуунун тартиби, эрежеси такталууда. Министрликте өткөн кеңешмеде абитуриенттерди кабыл алуу учурундагы коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, профилдик эмес окуу жайларда экономикалык жана юридикалык кесиптерге кабыл алуунун санын азайтуу маселелери каралды. Ошондой эле өлкөдөгү белгилүү ЖОЖдорго чет элдик студенттерди көбүрөөк кабыл алуу пландалууда. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG