Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Орусиянын федералдык кызматынын биргелешкен операциянын натыйжасында Орусияга 30 килограммдан ашык героин алып өткөн үч тажик жараны колго түштү. УКМКнын билдиришинче, кармалгандар маңзатты унаанын май куючу багына катып алып, Тажикстандан Кыргызстандын жана Казакстандын аймагы аркылуу Орусияга алып өтүшкөн. Бул иш окуя боюнча Орусияда кылмыш иши козголду. (EBM)