Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

“Апа, сизди сагындым!”


Сүйүнүч Садиров өз балдары жана инилеринин чүрпөлөрү менен меш жагылган жылуу үйдө.
Сүйүнүч Садиров өз балдары жана инилеринин чүрпөлөрү менен меш жагылган жылуу үйдө.

Жалал-Абад облусунда Орусияда иштеген үч үй-бүлөнүн 12 баласы бир үйдө тарбияланууда. Алардын кийими бүтүн, курсагы ток болгону менен ата-энелерин сагынганда ыйлап алышат. Жубайы Владивосток шаарында иштеп жүргөн Сүйүнүч Садиров үч жаштагы кызы ыйлаганда “апаң азыр келет” деп сооротот экен.

Жалал-Абад облусунун тургуну Сүйүнүч Садиров ушу тапта пенсионер апасы менен он эки балага баш-көз болууда. Жылуу үйдө анын өз балдарынан сырткары Орусияда жубайлары менен иштеген эки инисинин чүрпөлөрү бойтоңдоп ойноп жүрүшөт. Сырттан караганда, алардын курсактары ачканы байкалбайт, кийимдери бүтүн.

Орусияга иш издеп кетип бараткан Самат
Сүйүнүч Садировдун жубайы Орусияга өткөн жылы кеткен. Кээде үч жашар кызы Айзирек апасын эстеп ыйлап, буту оорукчан Сүйүнүчтүн шаштысын алган учурлары болгон. Сүйүнүч он алты жаштагы уулу да Владивосток шаарына кетүүгө камданып жатканын айтты:

- Азырынча аялым Назгүл, инилерим Максат, Данияр жана келиним Майрам менен кызым Шайыр Москва жана Владивосток шаарларында иштеп жүрүшөт. Инилеримдин аялдары менен кеткенине эки жылдан ашты.

Эртең уулум Саматты узатабыз, аны менен алтоо тынч аман иштеп турса...Үйдө экинчи уулум Совет калып жатат, ал мал карайт, отун жарып берип, суу ташыйт. Улуулардан мен жана апам бар. Апамдын он эки небереси бар. Алардын эң улуусу он төрт жашта, эң кичүүсү үчтөн ашты.

Ырыскан (оңдо) сиңдилери Жылдыз жана Кундуз менен агасы Саматка самса бышырып бергенге даярдык көрүүдө.
Жакында мен да Орусияга иштегени барайын деп турам. Балдар апасын сагынат, апасынын сүрөтүн карап алып ыйлашат. Ошентип капасын жазып алышат. Ыйлаганда “ыйлаба балам, апаң жакшы иштеп келип калат”,-деп сооротом. Анан өздөрү да апам эки-үч күндө келип калат деп сооронуп калышат. Кыздарым боорсок салып, нан бышырышты. Эми алыска бараткан балам жеп кетсин деп ашкабактан самса жапканы турушат.

Сүйүнүчтүн инисинин 14 жаштагы кызы Ырыскан кол арага жарап калган. Ал тамактын беш түрүн даярдаганды жана тандырга нан жапканды чоң энесинен үйрөнгөн.

Футболдун бир командасындай болгон бул балдардын кийим-кечесин жууганда ага сиңдилери Жылдыз менен Кундуз жардам берет.

Ырыскан инисин кийиндирип жатат
Бөбөктөрүнүн чачылган буюмдарын жыйнап, бөлмөнү тазалап, идиш-аяк жууп, төшөнчү салуу, чоң үй-бүлөнүн бүт түйшүгү кенедей ушу кыздардын мойнунда экен.

Кыздар ата-энелери менен телефон аркылуу байланышканда алар менен сүйлөшүп, сагынычтарын жазып алышат.

Ырыскан таятасынан кабар алып келген байкеси Саматка чай демдеп бергенден кийин картөшкө менен пиязды майдалап туурап жатып, узак жолго сапарга чыгаар агасы үчүн ашкабак самса бышырып береерин айтты:



Сүйүнүч Садировдун балдары
Ырыскандын маңдайында отурган Жылдыз менен Кундуз да ага көмөктөшө баштады. “Он бештей адамга тамак бышыргандан кыйналбадыңарбы?”,-деген суроомо 5-класста окуган Жылдыз кыйналбаганын айтты.

Жылдыз үй шыпырып, идиш жууп, Ырыскан эжеси үйдө жогунда тамак бышырат экен.

Үйдүн эң кичүүсү Айзирек дасторкондогу кыямдан оозуна илип алып, ыраактагы апасын сагынганын айтты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG