Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Билим: Заманга жараша талап да өзгөрөт


Жалал-Абад облусундагы орус тилдүү Кочкор-Ата мектеби.
Жалал-Абад облусундагы орус тилдүү Кочкор-Ата мектеби.

Жалал-Абад облусунда бул жылы жаңы үч кыргыз мектеби ачылды. Облуста окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер көбөйүп, орус тилдүү мектептердин саны 11 бойдон бир калыпта турат.

Кочкор-Ата шаарындагы орус тилдүү мектепте көбүнчө кыргыздар билим алат. Миграциянын толкуну токтой элек маалда “көптөр кийин Орусияда иштегенде кыйналбасын деген максат менен өз балдарын орус тилдүү мектептерге киргизип жатат” деп эсептегендер аз эмес.

Шаар тургуну Бүайша Токтобаеванын уулу орус тилдүү мектепте билим алат. Бүайша айым жогорудагыдай пикирлер менен макул эмес:

- Мен уулумду орус мектебине тилди үйрөнсүн деген максат менен котордум. Тил билсе, айылда же шаарда өзүнүн билимин жана маданияттуулугун көрсөтө алат. Анан орус мектептеринде ушундай жакшы нерселерге көп үйрөтүшөт. Балдарын Орусияга жөнөтүү үчүн орус мектептерде окутуп жаткан ата-энелер бар, мен аларга кошулбайм. Себеби биз Орусия эмес, өзүбүздүн мамлекетибиздин маданияты менен билимин көтөрүшүбүз керек.

Орус тилдүү Кочкор-Ата мектеби 1952-жылы курулган. Шаар тургуну Инабат Топчубаева баласын бул мектепте окутканынын себебин анын башка мектептерден артыкчылыгы менен түшүндүрдү:

- Бул мектептеги мугалимдердин билими күчтүү, тажрыйбалуу. Баламды ушул мектепке орус жана башка тилдерди жакшы билсин деген максатта киргиздим. Орусияга барбаса да Бишкек же Ошто окуса мыкты билим алсын дейм. Бул мектепте тартип жакшы, балдарга этикалык, эстетикалык жана маданий тарбия да беришет. Балдардын билим деңгээли башка мектептерге караганда кыйла жогору.

Таасири күчтүү миграция

Кочкор-Ата шаарындагы орус тилдүү бул жалгыз мектеп 640 окуучуга эсептелген. Бирок мында он улуттун 1104 уул-кызы билим алат. Андыктан окуу эки мөөнөттө өтүүдө. Окуучулардын 80 пайызын кыргыз улутундагылар түзөт.

Кочкор-Ата шаарындагы орус тилдүү мектептин жетекчиси Арзыгүл Камалова орун басары менен.
Мектеп башчысы Арзыгүл Камалованын ырасташында, Орусияда иштеп жүргөн мигранттар балдарын ушул мектепке окуткусу келет. Ата-энелер мунун себебин Кыргызстандагы жумушсуздук жана экономикалык каатчылык менен байланыштырууда Арзыгүл Камалова мектеп орус тилдүү болсо да кыргыз тили жана адабияты жогорку сапатта окутулаарын айтып, мектептин “Айгүл” аттуу кыздар тобу быйыл “Кыргызымдын кызгалдактары” деген сынакта 3-орун алганын кошумчалады:

- 36-37 бала окуган класстарыбыз бар, бала көп, “кабыл ала албайбыз, башка кыргыз, өзбек мектептер деле бар го, ошолорго алып баргыла” десек ата-энелер капа болушат. “Мен Орусияда иштейм, баламды ошол жакка алып кетем, орус тилин билсин” дейт. Бир канча ата-эне келди, Орусиянын атуулдугун алышкан, алар “өзүбүз жакшылып жайгашып алсак, кийин балдарыбызды алып кетебиз” дешти. Балдардын орус мектепке көп келишинин башкы себеби эле – экономикалык себеп, “балдарыбыз орус тилин билиши керек, Орусияга барып иштеп, акча табышы керек” дейт ата-энелер.

Көп улуттун уул-кыздары билим алган орус тилдүү мектепте китептер негизинен жетиштүү, бирок “Кыргыз адабияты” китеби 5-класстан жогорку класстагы окуучуларга тартыш. Мындай учурда окуучуларга сабак өтүп жаткан мугалим Бүсайра Айдарова көрсөтмө куралдар жана кыргыз мектептерден алган китептер аркылуу теманы ачып берерин айтууда.

- Айласыздан акын-жазуучулардын китептерин издеп табабыз, гезит-журналдарга чыккан макалаларды пайдаланабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG