Бул туурасында “Азаттыкка” Жогорку соттун маалымат кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев билдирди. Бүгүн Биринчи Май райондук соту булар менен иши чогуу каралып жаткан, массалык баш аламандыкты уюштургандардын катарында болгон деп айыпталган Ош облусунун иурдагы губернатору Мамасадык Бакировдун ишин өзүнчө бөлүп кароо чечимин кабыл алып, толук иликтөө үчүн ишти кайра Башкы прокуратурага жөнөттү. Мамасадык Бакировдун жактоочусу соттун чечими менен макул эместигин билдирип, доо арыз жолдой тургандыгын билдирди.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков менен экс-депутат Искак Масалиевге 2010-жылдын 13-14-майында Ошто, Жалал-Абадда "бийликти кч менен алууга аракеттенген", "массалык башаламандык уюштурган" деген айып тагылууда. Кылмыш ишинин козголушуна Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү негиз берген. Айыпталып жаткандар өздөрүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий буйрук катары сыпаттап келишет.(AzK)