Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Ош шаар мэри эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алды


Жолугушууда мэр Мелис Мырзакматов эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө аймактагы кырдаалды калыбына келтирүүдө, улуттар аралык ынтымакты чыңдоодо кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошол эле учурда ал сырттан келип жаткан гуманитардык жардамдар тең бөлүштүрүлбөй жатканына нааразылыктар болуп жатканын белгилеп, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн өз ишин ачык жүргүзүүгө чакырды. ЕККУнун Оштогу өкүлү Хуго Карлсон шаар башчысын жаштар уюмдары менен тыгыз иштешүүгө чакырды. Жолугушуунун аягында тараптар үч айда бир жолу кездешип, маалымат алмашып турууну макулдашты.
Июнь коогалаңынан кийин Ошто гуманитардык жардам таркатуу, качкындарга жардам берүү жана башка багыттарда иш алып барган эл аралык уюмдардын саны арбыганы кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG