Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

Көкөлөгөн баалар калкты кыйнады


Мария Колесникова
Мария Колесникова

Акыркы он күн ичинде Каракол шаарында азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады. Картошканын мекени аталган Ысык-Көл аймагынын өзүндө эле картошканын килограммы 25 сомго чейин көтөрүлдү.

Жергиликтүү тургундар күнүмдүк керектүү азык-түлүккө акчаларын жеткире албай убайым тартууда. Алардын ичинде бүгүн базарга эт алам деп барып, акчасы жетпей куру кайткан студент кыз Мария Колесникова “Азаттыкка” базар баалары жөнүндө маек куруп берди.

“Азаттык”: Мария, базарда баалар кандай экен? Сиз базарга эмне алайын деп келдиңиз эле?



“Азаттык”: Акчаңыз эмнеге жетти? Кайсы азык-түлүк алынбай калды?

Мария Колесникова: Мен гречка, суу май, шекер, эт алайын деп келгем. Шекер, суу майды жарым, бир килодон эле алдым. Этти такыр эле ала албай калдым. Анткени акчам жетпей калды.

“Азаттык”: Кардарлардын маанайы кандай болуп жатат? Сиз алар менен сүйлөшүп көрдүңүзбү?

Мария Колесникова: Абдан нааразы болуп жатышат.

Бул учурда баазарда жүргөн жергиликтүү тургун Жеңишгүл Жемишова аттуу айым сөзгө аралашты.

Жеңишгүл Жемишова: Бүгүн базарга азык-түлүк алайын деп келгем. Күндөн күнгө баа өсүп жатат. Элдин баары эле нааразы болуп жатат болуш керек. Анткени кымбаттоолор Караколдо эле эмес, бардык жерде болуп жатат. Мисалы, жаңы жылга чейин картошканы 22 сомдон алып жатканбыз. Мына он күн болуп калды, анын баасы 25 сом болду. Эт 220 сомдон 250 сомго чыкты. Анан карапайым калк кантип жашайт билбейм. Өкмөттөн жардам болбосо, кыргыз эли кыйналуунун эле ичиндебиз.

“Азаттык”: Жеңишгүл айым, рахмат маегиңизге. Мария, мына Ысык-Көл аймагы, өзгөчө Түп, Ак-Суу райондору картошканын мекени эмеспи. Бирок анын баасы сиздер жакта Бишкектеги баалардан да жогору болуп жаткан экен. Картошка кайда кетип жатыптыр?

Мария Колесникова: Ооба, бирок картошканы Орусия, Казакстандан Камаздар келип, сатып алып жатышат. Ошол себептен баалар өсүп жатат. Ошону менен ортомчулар картошканы арзан алып, базарда кымбат сатып жатышат.



“Азаттык”: Кардарлар көбүнчө кайсы азык-түлүктүн түрлөрүн алып жатышат?

Мария Колесникова: Көбүнчө кесме, эт алып жатышат. Бирок аны аздан алып жатышат. Анан нан алып жатышат. Ун кымбат болгондуктан, эл даяр нан алууда.

“Азаттык”: Сиз буга чейин качан базарга келдиңиз эле? Негизги азык- түлүккө болгон баадагы айырманы салыштырып айтып берсеңиз?

Мария Колесникова: Эми нандын баасы 5-6 сом болсо, ал 6 сом 50 тыйын, 7 сом болуп кетти. Ундун баасы 800-900 сом болсо, бүгүн ун 950-1000 сом болуп кетиптир.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз студент экенсиз. Баа өскөндө студенттер кантип жатат?

Мария Колесникова: Ооба. Студенттер көбүнчө нан алышат да. Ошондон кыйналып калышат. Өзүм деле ошондой студентмин. Нандан кыйналып калам да.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG