Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Аба ырайы


18-январда Кыргызстанда айрым жерлерде кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2 даража жылуу. Талас облусунда түнкүсүн -11…16, күндүз -3…+2 даража жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3 даража жылуу.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3 даража жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3 даража жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12 даража суук. Тоолордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 даража муздак.

Бишкекте 18-январда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -10... -12, күндүз -0... -2 даража суук болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG