Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Баткендиктер облус прокурорун жоопко тартууну талап кылууда


Мындай талап облустун ар кайсы аймактарынан эки жүз чакты адам кол коюп, бүгүн өлкө президентине, өкмөт башчыга жана парламент төрагасына жөнөтүлгөн кайрылууда коюлган. “Баткен эли облусту өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жаткан губернатор Султан Айжигитовдун ишине тоскоолдук кылып, үстүнөн негизсиз шылтоолор менен иш козгоп жаткан учурдагы облус прокурору Баймурза Жаанбаевди кызматтан кетирүүнү жана аны жоопко тартууну Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан талап кылабыз, Султан Айжигитов жергиликтүү элдин жоопкерчилигин өз мойнуна алып, бир топ социалдык-экономикалык маселелерин чечип турду, эң негизгиси саясий стабилдүүлүктү, чек араларды бекемдөөдө, көз карандысыз жолдорду курууда өзгөчө иштерди жасап жатат”, - деп айтылат.

Бул кайрылуу 15-январда облустук прокуратура губернатор Султан Айжигитовдун үстүнөн кылмыш ишин козгошуна байланыштуу жасалууда. Облустук “Баткен таңы” гезитинин мурдагы баш редактору Абдихалил Акматовдун “губернатор негизсиз жумуштан бошотуп, куугунтуктады” деп жазган арызынын негизинде облустук прокуратура губернаторго кылмыш ишин козгогонун “Азаттык” буга чейин кабарлаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG