Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Түркия израилдик комиссиянын бүтүмүн четке какты


Израилдин комиссиясы өлкөнүн коопсуздук күчтөрү былтыр 31 –майда Палестин автономиясына жүк тартып келе жаткан кеменин жолун тороп, ага рейд жүргүзүүдө эл аралык мыйзамдарга ылайык аракеттенген деп тапкан эле. Комиссиянын 300 беттен турган баяндамасында эл аралык активисттердин Израилдин Газа секторун блокадалоо жөнүндөгү чечимин жээрүүгө укугу жоктугу айтылган. Былтыркы рейд учурунда Түркиянын тогуз жараны каза тапкан. Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган израилдик коммиссиянын тыянагын айыптап, ал “ишенимге арзыбай тургандыгын” белгиледи.

XS
SM
MD
LG