Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

И.Каримов Брюсселде жогорку даражадагы жолугушууларды өткөрүүдө


Бүгүн Брюсселге келген өзбек президенти Еврошаркеттин жана НАТОнун жогорку даражадагы жетечилери менен жолугат. Ислам Каримовдун Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Барросо жана НАТОнун баш катчысы Андерс Расмуссен менен жолугаары пландалган. Эртең мененки маалымат жыйында А.Расмуссен президент Каримов менен НАТО-Өзбекстан кызматташуусу аркылуу Ооганстанга көмөк көрсөтүү тууралуу сөз болоорун айткан.

Брюсселдеги Еврокеңештин баш кеңсесинин алдына адам укуктарын коргоочу бир катар уюмдардан 10-20дай киши нааразылык акциясын өткөрүп, Еврошериктештикти өзбек бийлиги менен кызматташпоого чакырды.

Эскерте кетсек, И.Каримов Евробиримдикке 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин биринчи ирет барды..

XS
SM
MD
LG