Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

“Мегакомдун” ээси “Альфа Телекомго” кылмыш иши козголду


“Мегаком” уюлдук байланыш операторунун ээси “Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна карата кылмыш иши козголгонун Каржы полициясынын басма сөз кызматынын инспектору Канат Кочобаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында “Альфа Телекомго” кылмыш кодексинин 183-беренеси боюнча, “мыйзамсыз жол менен табылган каражаттарды легалдаштырган” деген айып тагылып жатат.

“Альфа Телекомдун” басма сөз кызматы болсо кылмыш иши козголгону туурасында маалымдама келгенин, каржы полициясы тарабынан компаниянын имаратында текшерүү жүргүзүлгөнүн “Азаттыкка” тастыкташты. Мындан сырткары компанияга коюлуп жаткан айыптар негизсиз жана далили жок экендигин билдиришти.

26-январда Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдындагы Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фондунун жетекчиси Дайыр Кенекеев маалымат жыйынын өткөрүп, анда “Альфа Телекомдун” 10 миллион долларынын дайыны чыкпай жатканын билдирген. Анын айтымында, 2010-жылдын алты айында компаниянын кирешеси 15 миллион долларды түзсө, тогуз айда 25 миллион доллар болгон. Бирок компаниянын 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында киреше 15 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG