Дагестанда автомобилге коюлган бомба жарылып, төрт киши өлдү жана алты киши жарадар болгону кабарланууда. Жардыруу Касавюрт шаарындагы кафелердин биринин жанында болгон. Россиянын эң коогалуу эсептелген Түндүк Кавказ аймагында акыркы жылдары ислам козголоңчулары күч алууда.