Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

С.Балкыбековду экстрадициялоо өтүнүчү Ирландияга жөнөтүлдү


Мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбековду Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчү бүгүн Ирландияга жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Ирландиянын ортосунда эч кандай келишимдер болбогондуктан мурдагы министрди Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчү дипломатиялык жолдор аркылуу жиберилди. Мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбеков 26-январда Ирландиянын Дублин шаарында тууганынын үйүнөн Интерполдун кызматкерлери тарабынан кармалганы кабарланган.

2010-жылдын май айында Убактылуу өкмөттүн тушундагы Коопсуздук жана тартиптүүлүктү камсыздоо боюнча комиссия мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аны менен санаалаш мурдагы кызматкерлердин айрымдарына издөө жарыялаган. Жаныш Бакиев, Максим Бакиев, Акматбек Бакиев, Каныбек Бакиев, Данияр Үсөнов, Игорь Чудинов, Алексей Елисеев, Алексей Ширшов, Сапарбек Балкыбеков, Акимжан Муйбиллаев, Курманбек Темирбаев, Нурлан Темирбаев өңдүү аткаминерлердин жүргөн жерин так көрсөтүп, издөөгө салым кошкондорго 20 миң доллардан 100 миң долларга чейин сыйлык берүү каралган. (KKs)

XS
SM
MD
LG