Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

Кабылда талип жанкечти 8 кишинин өмүрүнө зобун келтирди


Кабылда жанкечтинин бомба чабуулунан сегиз киши курман болду. Алардын ичинде үч чет элдик жана бир бала да бар экенин Кабыл полициясынын акими тастыктады. Жардыруу Кабылдын мыкты корголгон жана чет элдик элчиликтер жайгашкан Уазир Акбар Хан районундагы азык-түлүк дүкөнүндө болду.

Талиптер кабарчыларга уюлдук телефон аркылуу жөнөткөн катында чабуул АКШлык күзөт кызматынын башчысына багытталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG