Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:45

Таластагы Элдик курултай жыйынтыкталды


Бүгүнкү курултайдын жүрүшүндө Талас өрөөнүнөн тогуз делегат шайланып, жазында республикалык деңгээлде өтө турган курултайга катыша турган болду. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы маалымдагандай, Талас шаарында өткөн курултайга жалпысынан 500гө чукул адам катышты. Алар Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалды талкуулашып, мамлекеттик башкарууну көзөмөлдөй турган орган катары элдик курултайды Конституцияга киргизүү демилегелерин көтөрүштү.

Буга чейин 8-январда Ош шаарында да элдик жыйын өткөрүлүп, ага катышкандар өлкө боюнча элдик курултай өткөрүү сунуштарын айтышкан. Ал иш-чаранын катышуучуларынын бири, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков коомдук ишмерлерден турган демилгечи топ ушул жылдын апрель айында жалпы элдик курултай өткөрүүнү көздөп жатканын “Азаттыкка” билдирген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG