Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Астанада Азиянын Кышкы оюндары башталды


Казакстандын борбор шаары Астанада Азиянын 7-Кышкы оюндары башталды. Бул спорт оюндарынын жекшембиде (30-январда) өткөн ачылыш аземине Кыргызстан президенти Роза Отунбаевадан тышкары Түркия, Иордания, Бириккен Араб Эмираттарынан жогорку даражалуу коноктор, Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Жак Рогге катышты.
Оюндар 6-февралга чейин Алматы жана Астана шаарларында өтөт. Ага 25 өлкөдөн 1 миңден ашуун спортчу катышууда.
Кыргызстандын хоккейчилери буга чейинки алгачкы эки оюнда тең каршылаштарын ири упай менен утушту. 31-январда алар монголиялык курама менен таймашат.

XS
SM
MD
LG