Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

ЖК комитети “Манас” транзиттик борбору боюнча келишимди жактырды


Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү комитети АКШнын “Манас” транзиттик жүк ташуучу борборун күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча АКШ менен Кыргызстандын келишим долбоорун жактырды. Долбоор боюнча энергетика министри Аскарбек Шадиев маалымат берди. Министрдин билдиришинче, транзиттик борборду май менен камсыз кылуу боюнча келишимдин түзүлбөй жатканынан улам Кыргызстандын бюджетине суткасына 5 миллиондой сом түшпөй жатат. Министр Шадиев "Манас" отун-күйүүчү май менен камсыз кылган комплекси мамлекеттик ишканасы АКШнын транзиттик борборун 20-50 пайызга чейин күйүүчү май менен камсыздай аларын, мындай шартка Америка тарап каршы эместигин маалымдады.

Эми келишимдин долбоорун парламенттин Эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташуу комитети карайт, андан соң ЖКнын кеңири талкуусуна коюлат. (EBM)

XS
SM
MD
LG