Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

“Газпром нефть Азия”: күйүүчү майдын баасы дагы төмөндөйт


Аталган ишкананын маалымат катчысы Өмүрбек Сатаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, күйүүчү майдын дүң жана чекене баасы 12-январдан тарта дээрлик төрт сомго арзандады. Сатаевдин айтымында, декабрь айында эски баалар менен алынып келинген күйүүчү майлар сатылып, көлөмү азайып калды. “Февраль айында баанын төмөндөөсү уланат, бирок бензин баасы дүйнөлүк баадан көз каранды бойдон кала берет. Маселен азыр дүйнөлүк мунай рыногунда мунайдын бир баррели 100 доллардан ашты”,-деп билдирди Ө. Сатаев.

Орус өкмөтү 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанга сатылып жаткан күйүүчү майга тоннасына 200 доллар өлчөмүндө кошумча бажы төлөм төлөө тартибин киргизген. Бул Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баанын кескин кымбатташына алып келген. Жыл аягында Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугушуп, Кыргызстанда сатылып жаткан күйүүчү майга өткөн жылы салынган кошумча бажы төлөмдөрүн алып салууну өтүнгөн. (ES)

XS
SM
MD
LG