Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:08

ЖК: дагы бир комитет транзиттик борбор боюнча келишимди колдоду


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу комитети бүгүн АКШнын Кыргызстандагы “Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Келишимди кечээ парламенттин Отун-энергетика жана кен иштетүү комитети колдогон болчу.

Комитет жыйынында энергетика министри Аскарбек Шадиев "жаңы келишим транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылууда коррупциялык схемаларга бөгөт коет",-деп билдирди. Министрдин маалымдашынча, келишимди аткаруудан өлкө бюджетине болжол менен жыл сайын 50 миллиондон ашык доллар түшө баштайт.

Жаңы келишимге ылайык, “Манас” аэропортунда мамлекеттик күйүүчү май куюучу комплекс АКШнын транзиттик борборун 50 пайызга чейин күйүүчү май камсыздай алат.

Пентагон өткөн жылдын ноябрь айынын башында "Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камыздоону Гибралтарда катталган “Мина Корп” компаниясына берген. Президент Роза Отунбаева “Мина Корп” мурунку бийликтин тушунда коррупцияга жол берген деп айыптап, АКШнын Коргоо министрлигинин бул ишкана менен кайрадан келишим түзүшүн катуу сынга алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG