Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Иса Өмүркулов мэр болуп шайланды


Өмүркуловдун талапкерлигин колдоп Бишкек шаар кеңешинин 39 депутаты добуш берди. Бирөө каршы чыкты. Борбор калаа башчысын шайлоо үчүн шашылыш отурумга чогулган шаардык кеңештин сессиясына 40 депутат катышты.

Добуш берүү жашыруун жүргүзүлүп, журналисттер киргизилген жок.
Иса Өмүркулов Бишкек шаар башчылыгына төрт жылдык мөөнөт менен шайланды. Ал Социал-демократиялык партиянын мүчөсү. Шаар башчынын милдетин аткарууга Иса Өмүркулов 2010-жылы апрель окуясынан кийин киришкен. Буга чейин ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеген жана Жогорку Кеңештин эки чакырылыштагы депутаты болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG