Бүгүн Египетте Хосни Мубаракты президенттиктен кетүүгө чакырган ири демонстрациялар өтөт деп болжолдонууда. Премьер-министр Ахмед Шафиктин билдиришинче, Ички иштер министрлиги тынч көчө жүрүштөрүнө тоскоолдук кылбайт. Бирок АКШнын Мамдепартаменти нааразылык акциясы учурунда тирешүүлөр болот деген кооптонуусун айтты.
Хосни Мубарак 3-февралда бийликтен кетүүнү каалаганын, бирок кызматтан кетсе, өлкөдө башалмандыктар башталат деп кооптонорун маалымдады.
Хосни Мубарак 3-февралда бийликтен кетүүнү каалаганын, бирок кызматтан кетсе, өлкөдө башалмандыктар башталат деп кооптонорун маалымдады.