Пакистан өкмөтү Ооганстанга чектеш аймактардагы ислам согушчандарына каршы операциялардан улам 22 миң пакистандык там-жайын таштап кеткенин кабарлады. Ырасмий маалыматка караганда, 27-январда башталган операция маалында 100дөй эрегишчи жок кылынып, өкмөттүк күчтөр да “айрым чыгымдарга” дуушар болгон.
Пакистан армиясы уруулардын башкаруусундагы Ооганстанга чектеш аймактарда соңку үч жылда ислам экстремисттерине каршы кеңири масштабдагы бир нече операция жүргүзгөн.
Пакистан армиясы уруулардын башкаруусундагы Ооганстанга чектеш аймактарда соңку үч жылда ислам экстремисттерине каршы кеңири масштабдагы бир нече операция жүргүзгөн.