Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Египетте Мубаракка каршы элдик жүрүштөр уланууда


Каирдин ортосундагы Тахрир аянтында президент Хосни Мубаракты кызматтан токтоосуз кетүүгө чакырган ири демонстрация өтүүдө. Тахрир аянтында мубаракчылар менен оппозициячылар маал-маал бири бирин сүр-сүргө, ташбараңга алышканы кабарланды.

Борбордук аянтка бүгүн Араб лигасынын баш катчысы, Египеттин мурдагы тышкы иштер министри Амр Муса да келди. Ал Француз радиосуна берген интервьюда өткөөл өкмөткө кирүү же президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн четке какпады.

Александрия шаарындагы демонстрацияга он миңдеген адам чыкты. Түштүктөгү Лухор шаарында, Нил дарыясынын ылабындагы Махалла жана Мансурда да акцияга миңдеген адам катышууда. Суэц, Ассуит, Менуфияда чакан акциялар өттү.

XS
SM
MD
LG