Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Бишкектеги Ош базарынын айрым сатуучулары жол тосушту


Ош базарынынын “Кыял” соода түйүндөрүнүн тегерегинде иш алып барган эки жүз чамалуу сатуучу жана ишкерлер ушул тапта Бишкектеги Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолду тосуп турушат. Чогулгандардын “Азаттыктын” кабарчысына билдиргени боюнча, алар Ош базарындагы “Кыял” соода түйүндөрүнүн айланасындагы күркөлөрдүн алынышына нааразы. Алар мэр Иса Өмүркуловдун келишин талап кылып турушат.

Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, алгач митингчилер шаардык мэриянын алдына чогулушкан. Алар менен Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Илья Клименко сүйлөшкөн. Өз сөзүндө Клименко күркөлөр алына тургандыгын, анткени ал аймакта унаа токтотуучу жай салынары шаардын архитектуралык планында бекитилгенин айткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG