Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Орусия: милициядан полицияга


28-январда Орусиянын Мамлекеттик Думасы “Полиция тууралуу” мыйзам долбоорун колдоду. Документти кабыл алууга 315 депутат макул болуп, 130 депутат каршы добуш беришти.

Ушул эле күнү эртең менен “Солчулдар фронту” Мамлекеттик Думанын алдында митинг уюштурду, бирок милиция акциянын катышуучуларын таратты. “Солчулдар фронтунун” жетекчилеринин бири Сергей Удальцов баш болгон беш киши камакка алынды.

Оппозициянын айтымында, мыйзам долбоорунда полицияга абдан көп укук берилген. Андан тышкары, милицияны полиция деп атоонун өзү эле болуп көрбөгөндөй каражат талап кылат. Оппозиция мындай каражатты тартип сактоо органдарын жаңы техника менен жабдууга жумшаганда дурус болмоктугун айтат.

Полиция тууралуу мыйзам долбоорун Дума бир күндө карады. Мыйзам долбоорунда адегенде атуулдардын укугу эске алынганын Мамлекеттик Думанын коопсуздук комитетинин жетекчиси Владимир Васильев айтты:

- Мыйзам долбоорунда тартип бузган кишини кармап атканда полиция анын укугун түшүндүрүү, жакындарына бир жолу телефон чалуу мүмкүнчүлүгүн берүү полициянын милдети экенин көрсөтүлгөн.

Жаңы мыйзамга карата сунуштарды жыйында “Бирдиктүү Орусия” өткөрбөй койгонуна “Адилет Орусия” партиясынын депутаты Геннадий Гудков нааразы болду:

- Кыйла маанилүү, кыйла керектүү сунуштар четке кагылды. Ушунун өзү милиция менен салыштырганда полиция ишмердигинде көп деле өзгөрүү боло койбосун айгинелеп турат.

Коммунисттик партиянын депутаты Владимир Уластын баасы боюнча, полицияга болуп көрбөгөндөй укук берилиши зээнди кейитет:

- Коомчулук аралашкан талкууда биздин атуулдардын көпчүлүгү, так айтканда, 95 пайызга чукулу милицияны полиция деп атаганга каршы. Алардын оюнча каражат курулай эле короп жатат.

Адвокат Андрей Макаров мыйзам долбоорунда полиция аялды желим таяк менен сабоого укугу бар экенин, бирок кош бойлуу аялга кол көтөрө албай турганын айтат. Ошентсе да Макаров “дегеле аялды сабоо туура эмес” деп эсептейт.

Адистердин айтымында, Орусияда милицияны полицияга өзгөртүү үчүн 12 миллиард доллар каражат кетет.

“Полиция тууралуу” мыйзам долбоору 4-февралда Федерация кеңешинде каралат. Андан соң президент кол койгондо гана 2012-жылдын март айынан тарта күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG