Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Кыргызстан: Эки министр дайындалды


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгына ылайык, Мелис Мамбетжанов Кыргыз Республикасынын каржы (финансы) министри болуп дайындалды. Ал эми Калкты социалдык жактан коргоо боюнча министри болуп Айгүл Рыскулова бекитилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мурдагы каржы министри Чоробек Имашев 28-январда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган соң анын ордуна Мелис Мамбетжановдун талапкерлиги сунушталып, Жогорку Кеңеш колдогон. Айгүл Рыскулованын талапкерлиги да өткөн аптада депутаттардын колдоосун тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG