Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Москва эч качан Курил аралдарынан баш тарпайт


Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Курил аралдары жөнүндө Япониянын премьер-министри бүгүн айткан сөздөрүн “дипломатияга сыйбаган кеп” деп атады. “Бул дипломаттык сөздөр эмес экени айкын. Алар былтыр күздө Йокогамадагы кездешүүдө айтылган премьер-министр Наото Кан жана президент Дмитрий Медведевдин сыпайы жана жылуу, позитивдүү маанайдагы сөздөргө карандай тескери келет”, - деди Лавров.

Наото Кан бүгүнкү сөзүндө президент Медведевдин былтыр ноябрда Курил аралдарына баруусун “жөнсүз орой кадам” деп мүнөздөгөн эле. Россия Федерациясынын “Курал аралдарына болгон ээлиги не бүгүн, не эртең өзгөрүлбөсүн” орус маалымат булактары Медведевдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Сергей Приходкого шилтеп кабарлашты.

Курил аралдарынын түштүк бөлүгүн мурдакы СССР Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында басып алган. Бу жерлерди япондор өзүнө таандык “Түндүктөгү жерлер” деп аташат. Японияда 7-февраль - Түндүктөгү жерлердин күнү.

XS
SM
MD
LG