Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Берлусконинин кезектеги сойку жаңжалы


Премьер-министр Силвио Берлускони Италиянын сенатында. 13-декабрь, 2010
Премьер-министр Силвио Берлускони Италиянын сенатында. 13-декабрь, 2010

9-февралда Милан шаарынын башкы прокурору Италиянын өкмөт башчысын жоопко тартууну сурап, сотко ырасмий түрдө кайрылды. Силвио Берлускони "бойго жете элек сойкунун кызматын пайдаланган жана аны жашыруу үчүн кызмат абалын колдонгон" деп күнөөлөнүүдө.

Берлускони өзү эч качан аялдардын сүйүүсү үчүн акча төлөбөгөнүн айтып, муну анын өкмөтүнө зыян тийгизүүгө багытталган саясый өнөктүк катары баалады.

Карт медиа-магнат кайра тузакка илинди

Силвио Берлускони буга чейин да "кирешесин салыктан жашырды", "пара алды" деп айыпталып, бирок амалкөй адвокаттардын жардамы менен жоопкерчиликтен кутулуп кеткен.

Италия парламенти да чуулгандуу миллиардер-саясатчыны колдоого алып, өткөн аптада Берлусконинин бухгалтеринин кеңсесин текшерүү жөнүндөгү прокурордун талабын четке каккан.

Берлусконинин гареми. Премьер-министр Берлусконинин резиденциясындагы кечеге катышкан бийкечтердин сүрөттөрү гезит-журналдардын бетинде жана мукабасында. 26-январь, 2011
Тергөөчүлөр чогулткан далилдерге караганда, премьер-министрдин вилласында өткөн кечеге акы төлөнүп, жаш кыздар чакырылган. Алардын арасында “Руби” деген лакап ат менен белгилүү 17 жаштагы Карима ал-Махрук да болгон. Түнкү клубда бийлеген арап кыз кечеден соң акча алганын, бирок Силвио Берлускони менен жыныстык катнашка барбаганын айткан.

Италиянын мыйзамдары бойго жете элек сойкуларды пайдаланууга тыйуу салат.

Силвио Берлусконинин куйкасын тырыштырган экинчи материал да марокколук бийчи кызга байланыштуу. Былтыр майда Карима уурулук кылды деп кармалганда, полицияга Берлускони телефон чалып, аны камоодон бошоттурган. Ал өзү коомчулукка Рубини “президент Мубарактын жакын тууганы” деп ойлогонун, Египет менен дипломаттык мамилеге доо кетпеси үчүн полицияга телефон чалганын айтып актанган.

Римдик саясый талдоочу Жэймс Уолсондун айтымында, азыр премьер-министрдин түйшүгү оор.
Модель кыздар түнкү клубдун сахнасына чыгар алдында ажаатканада жасалгаланып жатышат.


“Италиялыктар: "түйшүк эч качан өлбөйт",-деп коюшат. Берлусконинин сексуалдык чатагы ашкере болгонуна эки жыл болду. Жашыруун иш ачыкка чыкканы менен демейде презумпция макамы жаман болуп кетпейт. Иш дагы жаман болуп кетиши мүмкүн”-дейт Уолсон.

Мурда да сулуулар, фотомоделдер менен чырлашып жүргөн Берлускони 9-февралда жасаган билдирүүсүндө Милан шаарынын баш прокурорунун кадамын “шермендечилик”, анын өкмөтүнө жамандык кылууну каалаган душмандардын кутуму катары мүнөздөдү.

- Сот жөнүндөгү кеп-сөздөр эч кандай далили жок куруу доомат. Болбогон кеп. Алар маалымат каражаттарында жасалма өнөктүктү жүргүзүп жатканын ар бир адам көрүүдө.

Миллиардер саясатчы 19-январда сыналгыдан сүйлөп, Карима ал-Махрук менен эч качан төшөк бөлүшпөгөнүн, бийкеч өзү да мунун баары жалган экенин эчен ирет какшап айтканын баса белгилеген.

Cтуденттер 22-декабрдагы демонстрация учурунда. Рим. 2010
Ошентип Милан шаарынын баш прокурору Эдмондо Брутти жана анын кесиптештери 74 жаштагы Берлусконини эки иш боюнча жоопко тартууга аракеттенишүүдө. Эгер сот ишти кабыл алып, премьер-министрдин жаш кыз менен жыныстык катнашка барганы далилденсе, ал үч жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал. "Кызмат абалын натуура пайдаланды" деп табылса, алты жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы этимал.

Берлускони эки оттун ортосунда

Мурда Берлусконинин аялдар менен болгон чатагына сырттан көз салып жүргөн Рим-католик чиркөөсү январда карт саясатчынын жүрүм-турумун катуу сындап, “коомдо мартабалуу кызматта иштеген адамдардын адептүү болушу” керек экенин кайраттуу карт саясатчынын эсине салды.

Бирок да кээ бир мекендештери премьер-министринин жүрүм-турумунан эрөөн эч нерсе көрүшпөйт. Римдик ишкер Жанфранко Зулли:” Ал(Берлускони) каалаганын жасаганды жакшы көрөт. Ал анысын башкалар сыяктуу бир аз акылдуурак жасашы керек”,-дейт.

Ал эми жаштар бир добуштан Берлускони кызмат абалын кыянаттык менен
Нидерландиянын борбору Амстердамдагы сойкуканаларга бай "Кызыл чырактуу" көчө.
пайдаланганы үчүн соттолуш керек жана токтоосуз премьерликтен кетүүгө тийиш деп санашат. “Бул маскарачылык. Эл ал кандай адам экенин али түшүнбөдү дегенге такыр ишенбейм. Ал жасаган иштери үчүн азыртадан тарта кунун төлөй башташы зарыл деп ойлойм”,-деди римдик өспүрүм кыз Франческа Ландуччи.

Италия жана башка өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө премьер-министр, министрлерди жоопко тартуу кадыресе көрүнүш. Кыргызстан күнкорсуз өлкө болгону өкмөттө чоң кызматта иштеген кимдир бирөө, парламент мүчөлөрү же губернатор, акимдер соттолдубу? Казынадан өөнөп жеген ашын кайра кустубу? Бул суроону карыя журналист Алым Токтомушовго узаттым:

- Жок, жок. Ошон үчүн кызматтан кыянаттык менен пайдалануулар Кыргызстанда көп болуп жатпайбы... Жемсөөлүк (коррупция) деген чоң жана бийик кызматка байланыштуу да. Акыркы 15-20 жылда чоң кызматтагы адамдар соттолгон жок. Ошон үчүн жемсөөлүк чайлап-коолап өсүүдө, чоң чиновниктер кызматын өз кызыкчылыгына пайдаланып жатышат. Бизде Батыш өлкөлөрүндөгүдөй министрлерди жоопко тартуу таржрыйбасы жок.

Эмне үчүн Кыргызстанда чоң кызматтагы адамдар жоопкерчиликке тартылбайт? Себеби, Алым Токтомушевдин айтышынча, маселеге коом маани бербейт жана көңүл кош мамиле кылат:

- Менимче, бизде коомдук пикир начар, коомчулук да начар. Менин окушумча, өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө коррупция же бирөө баланча миллионду жеп алды деген өңдүү маселелер чыгып, бийлик көңүл бурбай койсо, эл көлдөй калкып кетет, көчөгө чыгат. Бизде андайга коомчулук былк этпейт, көңүл бурбайт. Ошон үчүн Батыш граждандык коом кургула деп грант берип жатпайбы.

Акыркы сурамжылоолорго караганда, марокколук бийчиге байланыштуу шойкумдуу окуя Силвио Берлусконинин аброюна көп зыян келтирген эмес.
Деген менен, Милан шаардык прокурорунун Берлусконинин ишин сотто токтоосуз кароону талап кылуусу Италиянын өкмөт башчысына болгон кысымды күчөттү. Премьер-министрдин жүрүм-турумунун тегерегиндеги тынбаган ызы-чуу башкаруучу Элдик эркиндик партиясынын катарына жарака салды.

XS
SM
MD
LG