Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

АКШ Египет бийлигинен "конкреттүү кадамдарды" күтөт


Египеттеги кырдаалды АКШнын президенти Барак Обама Сауд Арапстандын падышасы Абдулла менен талкуулады. Анда Обама Египетте элдин талабына ылайык бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү процесси тездетилиши зарыл экенин айтты. Вашингтондун расмий өкүлү бул боюнча "Мубарактан конкреттүү, реалдуу кадамдар талап кылынат" деп белгиледи.

Египетте үч аптадан бери президент Хосни Мубаракка каршы демонстрациялар өтүп жатат. Баш калаа Каирде кечээ демонстранттар парламентке кире бериш жолду тосуп алышты. Имаратты куралчан аскерлер коргоп турушат.

Ал арада түштүктөгү Эл-Карга шаарчасында митингчилер менен коопсуздук кызматкерлери кагылыша кетип, кеминде 3 адам набыт болгону, 100 жакын киши жаракат алганы кабарланды. Суэц каналын бойлой миңдеген кызматкерлер айлык акыны жогорулатуу талабы менен пикетке чыгышты. Өкмөткө каршы чыккан негизги оппозициялык топ – “Мусулман агайындар – кечээ дагы бир ирет президент Хосни Мубарак бийликтен кетишин талап кыла берээрин кайталады. Бирок бийликти тартып алуу алардын максаты эмес экенин кошумчалашты.

XS
SM
MD
LG