Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Салижан-аке азыр болгондо...


Салижан Жигитов. "Азаттык" үналгысынын архивинен.
Салижан Жигитов. "Азаттык" үналгысынын архивинен.

Коомдук ишмер, адабиятчы, философ, сынчы Салижан Жигитов (1936-2006) дүйнө салганына 11-февралда беш жыл болду. Бул кишини чукугандай сөз тапкан, өз улутум өнүгүп-өссө, алдыңкы маданиятка жетишсе деп күйгөн, биресе чечен, биресе көсөм инсан катары баалап келишет. Жигитовдун мындан беш-он жыл мурда айткандары азыркы күнгө да төп жарашып, таамай угулат.

Салижан Жигитов 1995-жылдын июлунан тартып 1996-жылдын август айына чейин “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросун жетектеп калды.

Агай барда кеңсе ичи шаңга толуп, күлкү жаңырып, анын азил-тамашасын угуп жыргап калаар элек.

Салижан Жигитовдун көзү өткөндөн кийин деле анын айткан ойлору ушул күндөргө, өлкөдөгү жагдайларга да туш келгенин байкап, анык көсөм экенине тан бергендер арбын.

Агайдын эл ичинде,тууган-уруктарына, жоро-жолдошторуна айткан куйкум кеп-сөздөрү, кыргыздын намысын козгоп дале актуалдуулугун жоготпой келет.

Жаңы бийликтин эскисинен айырмасы жок
Эски режим жалаң калп сүйлөп атып, элдин көңүлү калды да. Анан булар чындыктын тилине өтүш керек эле. Бирок өтө албай атпайбы.

Сөзүбүз куру болбосун үчүн Салижан агайдын “Азаттыктын” архивинде калган айрым ойлорунан чубап, учур талабына дале шайкеш келээрин баяндап берели.

Кыргызстан эки ыңкылапты баштан кечиргени менен дале мурдакы бийлик аткаминерлери ээрден түшпөй, эл башкарып, жазасын албай жүргөн чак. Муну да Салижан агай алты жыл мурда таамай айтып, мыйзам бузгандарды камоо керектигин, бийликке жолотпоо тууралуу мындай деген эле:

- Эптеп бийлик алмашты. Булардын ичинде деле совет доорунда тоталитардык аң-сезимди ташып жүргөн кишилер да азыр. Анан булардын түшүнүгү да - патриархалдык, феодалдык түшүнүк да. Буларда буржуазиялык, капиталисттик аң-сезимди ташыгандар жок. Ошон үчүн өзгөргөн жаңы муун бийликтин башына келсе гана бирдеме болушу мүмкүн. Революция болгондо революциялык комитет деп туруп бүт баарын жаңыча жасаш керек эле да. Демек кандай режим экенине баа берип туруп, анын жактоочуларын, мактоочуларын, эң кур десе үч ай камап туруш керек эле.

Эски режим жалаң калп сүйлөп атып, элдин көңүлү калды да. Анан булар чындыктын тилине өтүш керек эле. Бирок өтө албай атпайбы. Ошондуктан жаңы бийликтин эски бийликтен айырмасы жок...



Эркин экономика деп далай ооз көптүрө сүйлөп, койлорго чейин паспорт беребиз дегендер чыкты. Экономика өнүкмөк тургай, кризистин сазына батып баратабыз.

Бул жагдай тууралуу да Салижан Жигитов мындай деген эле.

- Анан дагы эркин экономика дешет. Ал дагы жок бизде. Элге экономикалык эркиндик берилген жери жок. Бул "ара төрөлгөн революция", аягына чыкпай калган революция деп айтып атышат.

Демократия деп жар салып келебиз. Кыргыздарга демократия жарашпай, элди чоңдор алдап келатканын таамай айтканы бар.

- Эми демократия деген өзү батыш элдери чыгарган, батыш коому жараткан бир саясый көрүнүш. А биякта каяктан демократия, тоталитардык режимде жүрдүк. Андан мурун падышалык өкмөттө дагы тоталитардык режимде болчубуз. Кокон кандыгында эмне демократия бар беле? Же кыргыздын өзүндө демократия бар беле? Бул кызылдай эле калп да. Азыр деле демократия жок болуп жатпайбы. Анан каяктагы демократия?

Паракорлук кыргыздын канында бар

Учурда паракорлук, коррупция чегине жеткенин азыркы бийлик да моюнга алып жатат. Паракорлук кыргыздын канына сиңип калган адат экенин Салижан агай зар какшап жүрүп өтүп кетти го чиркин.

Тээ совет доорунда эле паракорлук тамырлап келгенин, эгемен өлкө болгону коррупция гүлдөп кеткенине мындай баасын берген.
Кыргызстанда мамлекетти башкаруунун салты жок. Мамлекеттик бийликтин бир колдон экинчи колго өтүш салты да жок.

- Паракорлук кыргыздын канында бар да. Илгери Кушнер-Кнышев деген 1927-жылы Кыргызстанга келип социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Токтогул районуна барып, тергөөчүнү сураптыр: “Кандай кирешең бар?” - деп. Ал “айлык алам, анан кийин пара алам” дептир. "Сен советтик кызматкерсиң да" десе, “элдин баары эле пара алат” дептир. Паракорлук совет доорунда деле болуп келген, азыр эми шумдук күчөдү да кийинки жылдары. Кыргызстан дүйнөдөгү коррупцияга белчесинен баткан өлкөлөрдүн биринчи катарында келатпайбы.

Кыргыздар акча берсе азыр деле революция жасап, төңкөрүш кылууга даяр экенин, элди ойлобосо бул бийликти деле кулатып коёрун Салижан Жигитов көзү ачыктай эле айтып, минтип каткырып койгон.

- Акча берсе азыр дел чыга беребиз, бул бийликке деле каршы болуп. Акча бербей жатышпайбы? Бир эле күндө көрүнбөдүбү, кыргыз кандай төңкөрүшчүл экени. 10 миллион доллар берсе, азыр эле буларды да каңтарып, бийликтен кууп чыгабыз. Бул оңой эле да, акча бербей жатышпайбы? Ха-ха-ха...




Ал түгүл эл башкаргандардын салты болоорун, ушундай салт жоктугунан кыргыз эли мүңкүрөп, аксап турганын, элди куруткан, мурдакы бийликтин камчысын чапкандар кайрадан эле бийликке келип жатканын Салижан агай 6 жыл мурда айтып койгон.

- Мамлекет, эл башкаргандардын өзүнчө бир салты болот да. Эл башкарган киши кандай болуш керек? Тарыхта калам деген киши кандай болуш керек? Кыргызстанда мамлекетти башкаруунун салты жок. Мамлекеттик бийликтин бир колдон экинчи колго өтүш салты да жок. Мурда Москвадан буйрук берип эле, бир маймылды отургузуп койсо деле иштей бермек. Эгемен өлкөдө өз алдынча маселе чечкенге келгенде, мына Аскар Акаев буга жарабай калды да. Ар күнү ал өз алдынча башын иштетип, маселе чечиш керек болчу. Ал эмне болсоң - ошо бол деп таштап койду. Турмуш өзүнчө эле агып атты.
Качып кеткенинин бир жаман жери, ал жасаган иштердин баарын, кылык-жоруктарынын баарын ачыкка чыгарып салып атпайбы.


Топураган той, тажаткан мактоолор

Учурда той-маараке өткөрүү адатка айланып, каржалып турган калк мындай чыгымдуу жагдайдан чыгалбай, же куда-сөөк, дос-тамырын кыйалбай кылчактап турат.

Салижан Жигитов ушундай кыйын кырдаалда той өткөрүүгө караманча каршы эле. Өзү да мааракелерин (юбилей) өткөрбөй койгон.

Тажатмалуу, бирөңчөй тойлор, жалган мактануу, ыксыз чыгымдуу тойлор тууралуу анын ою мындай эле.

- Эми биздин ата-бабаларыбыз сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген. Эмне кереги бар? Менин өзүмө кереги жок. Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок . Китебим чыкса да мактайт. Экинчиден, эми юбилей өткөрүп бирдеме кылайын десем элдин баарын убара кыласың да. Жолдоштор бар 60ка чыктык, жазып бересиңби деп калышат. Убара болуп, сөгүнүп атып жазып берем кээде. Өзүм той-топур, андай-мындайга каршымын түбүнөн эле.

Ар бир кишинин өмүрү трагедиялуу, армандуу болоорун ал мындайча эске салган:

- Ар бир кишинин өмүрү трагедиялуу болот. Анан кийин кыла турган ишке үлгүрбөгөнүң чоң арман экен. Менин бир туугандарым өтүп кетти. Бул арман да. Кээ бирлери менден жаш эле. Жакын кишилер, айылдагы мен жакшы көргөн кишилер, теңтуштарымдын көбү өттү. Эң чоң арманым, өзүмдүн потенциалымды толук турмушка ашыра албай калып, ошо боюнча өлүп каламбы деп коркунуч бар да. Менин эки романым чыкпадыбы. “Кызыл күүгүм” деген, ошонун аягына чыксам. Анан “Ит наама” деген китепти (мурун жазылган), аягына чыгарып койсом болот эле...

Жалкоолугубуздан кор болуп жатабыз

Кыргыз элинин жалкоолугун, кенебестигин, билимге умтулбай “жөн эле” күн кечирип жүргөнүн Салижан агайдай күйүп айткан учурда бир да инсан байкалбайт.
Жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейкапарлыгыбыздан бүт кор болуп жашап атабыз

- Эми кыргыз элин жалаң эле жалган пикирлер менен, жалган идеялар, имиштер менен, иллюзиялар менен тойдуруп келатат. Биздин чоңдор дагы, интеллигенция дагы. Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт.

Ошон үчүн элге эмне деп айтыш керек?

Ой кыргыз эли, сен кичинекей элсиң, үч миллион элсиң. Европанын бир шаарында үч милион эл жашайт. Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт. 3 миллион эл бар.

Экинчиден, артта калган, кедей элсиң. Өзүңдү өзүң багалбаган элсиң.

Бирок биздин деле башыбыз бар. Эки колубуз бар. Эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейкапарлыгыбыздан бүт кор болуп жашап атабыз.



Ошон үчүн биз иштебесек, чыйрак болбосок, күн-түн дебей билимибизди көтөрбөсөк, колубуз менен акылыбыз менен товар жасаганды үйрөнбөсөк, биз кор боло беребиз.

Кыргыз эли тилин жоготот жүз жылдын ичинде, этнос катары жок болот деп. Башка элдердин ичине эрип кетет деп атат. Биз ошентип кетишибиз мүмкүн. Себеби жалкоо элдер, начар элдер, бош элдер кор болуп туруп анан...
Азыр басып албайт бизди эч ким. Экономикалык кайырмакка илип коюп эле, кор кылып койот.

Мен ушуну дагы эле кайталайм. Биздин алдыбызда ушундай коркунуч бар.


Коом ичинде белгилүү улуу инсан болобу, ал адам дагы башка атак-даңкка жетеби - адам эң биринчи адамдык сапаты менен бааланат.

Салижан Жигитов тууганга, доско күйүмдүү, боорукер, кайрымдуу да болгон.

Ыраматылык Салижан агай чукугандай сөз тапкан, бир жагдайга же маселеге карата иллюзияга, кыялга берилбей өзүнүн оюн ачык айткан көсөм, чанда жаралган инсан экендиги жогоруда өзү айткан сөздөрүнөн көрүнүп турат.

Азыркы татаал мезгилде Кыргызстандын мамлекеттик маселелеринде агайдын кеңештери аба менен суудай керек болуп турат.

Өкүнүчтүүсү, Салижан агай арабызда жок. Кыргызды сындап, ар-намысын козгогон азилдерин жаза берсек, бир нече куржундук кеп болоор.

Салижан Жигитов мамлекеттик деңгээлдеги иштерге чейин барды. Илимде да чоң из калтырды. Акындыгы, жазуучулугу да бир башка, өзгөчө.

Демек, бул кишинин ар тараптуу гениалдуу кыргыз экендигине күмөн саноого болбойт.

Мени өкүндүргөнү, ал кишинин кол жазмаларын көзү өткөндөн берки беш жылдан бери чыкпай турганы. Элдин керегине жарай турган гениалдуу эмгектер болбогон шылтоолор менен кармала бергени адат болуп калган.

Салижан Жигитовдун чогултулуп, жарыкка чыкпай турган жети томдук кол жазмасы бар.

Өтөлгөлүү өмүр

Салижан Жигитов 1936-жылы 17- мартта Ош областынын Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн.

1951-жылы туулган айылындагы жети жылдык мектепти бүтүрүп, борбор шаардагы айтылуу № 5 орто мектепке келип, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун 1959-жылы Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1961-62-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген. 1992-жылы филология илимдеринин доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1992-93-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп кызмат өтөгөн. 1993-95-жылдары Кыргызстандын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

1995-жылы жайында Кыргыз Улуттук университетинде профессор болуп калды.

Бир эле учурда 1995-96-жылдары «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги бюросун жетектеп кызмат кылган.

Салижан Жигитовдун жемиштүү эмгек жылдары Илим Академиясы, Улуттук университет, Кыргыз улуттук энциклопедиясы жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен байланышкан.

1996-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин «Манас» Кыргыз-Түрк университетинде профессор болуп иштеген.

2003-жылы «Акыйкат жана прогресс» партиясына мүчө болуп өткөн.

2004-жылы «Жаңы багыт» коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон.

Салижан Жигитов 1984-жылкы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору.

Анын ичинде адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.

Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.

XS
SM
MD
LG