Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Алжирде полиция бийликке каршы чыккандарды камады


Ишембиде (12-февралда) полиция өлкөнүн баш калаасы Алжирде 11 жылдан бери бийликте турган президент Абдел Азиз Бутефликанын режимине каршы көчөгө чыккан миңдеген адамдарды таратууга аракеттенди. 400дөй митингчилер камакка алынды, ага карабастан жүздөгөн жаштар көчөлөрдө калганы кабарланды.

Башка арап мамлекети - Йемендин борбору Санаа шаарында дагы миңдеген жаштар чогулуп, президент Али Абдаллах Салехти бийликтен кетүүгө чакырды.

Жаштардын тобу борбордук аянтка жүрүш жасады, алардын бет маңдайынан бийликти колдогон бычак, таяк менен куралданган калың топ чыкканы айтылды. «Associated Press» агенттиги бийликке каршы чыккандардын айрымдарын полиция ур-токмокко алганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG