Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Депутат бажы башчысы өзүнө 260 миң сом сыйлык жазып алганын айтып чыкты


Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов 2010-жылдын соңунда өзүнө бир төлөнүүчү сыйлык катары 260 миң сом, орун басарларына 200 миң сомдон жазып алган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров айтып чыкты.

“Бул өтө чоң сумма. Өкмөт Бажы жетекчиси кандай негизде өзүнө чоң сыйлык жазып алганын текшериши керек. Мен өкмөткө кат жөнөткөм, бирок жооп болгон жок”, - деди Шайназаров.

Бажы кызматынын жетекчилиги азырынча бул боюнча жооп бере элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG